Борбор жөнүндө маалымат Шашылыш чалуулар Коррупцияга каршы аракеттер RU KG
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана коммуникация борбору
22 / Январь / 2020
Өлкөбүздүн көптөгөн мектептеринде «Жугуштуу эмес оорулар» боюнча сабактар өтүлүүдө

Кыргызстандын 4 областы Нарын, Талас, Чуй, Ысык-Көл жана  Бишкек шаарындагы бардык мектептерде интерактивдүү ыкма менен «Жугуштуу эмес оорулар» боюнча сабактар өтүлүүдө.

    15-октябрда №86-мектеп гимназиясында Бишкек шаардык жана Республикалык ден соолукту чыңдоо борборлорунун адистери тарабынан интерактивдүү ыкма менен 9-класстарга сабактар өтүлдү.

   Сабактардын жүрүшүндө жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу максатында окуучуларга тамеки жана алкоголдун зыяндуулугу ошондой эле тамактануунун, физикалык активдүүлүктүн маанилүүлүгү боюнча маалымат берилип, аталган 4 теманын ар бир сабагынын аягында окуучулар темага таандык «Үй бүлө эрежелерин» иштеп чыгышты.

Бул окутуунун максаты:

    Окуучулар арасындагы жайылган терс адаттарга бөгөт коюу жана өз ара жүрүм-турумдарында жоопкерчиликти күчөтүүгө көмөк көрсөтүү.

Милдеттери:

1. Көп кездешкен жугуштуу эмес оорулар, алардын кесепеттери жана аларды алдын алуу боюнча билимдерди кеңейтүү.

2. ЖЭО коркунуч факторлоруна карата жеке стратегияларды өнүктүрүү

3. Өз алдынча чечимдерди кабыл алуунун көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү

Бул окутуу кампаниясы Кыргызстандын 4 областындагы, тагырак айтканда Нарын, Талас, Чүй, жана Ысык-Көлдө ошондой эле Бишкек шаарынын бардык мектептеринде уюштурулгандыгын, жана мындан ары дагы уланарын адистер белгилешет.

"Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоору. Долбоор Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланат"

 

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун маалымат кызматы




Башкы жаңылыктар
Эртең 15-октябрь №182-балдар бакчасында Бул иш-чара 15-октябрь эл аралык «Таза колдор» күнүнө карата уюштурулууда.
14/10/2019
Эртең 15-октябрда Бишкек шаардык №86-мектеп гимназиясында ЖЭО боюнча сабактар өтүлөт Бишкек шаардык №86-мектеп гимназиясында ЖЭО боюнча интерактивдүү ыкма аркылуу 9-класстарга сабак өтүлөт
14/10/2019
Яндекс.Метрика
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун расмий булагы
© 2020 Өлкөбүздүн көптөгөн мектептеринде «Жугуштуу эмес оорулар» боюнча сабактар өтүлүүдө
Авторизация