Борбор жөнүндө маалымат Шашылыш чалуулар Коррупцияга каршы аракеттер RU KG
Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору
19 / Октябрь / 2019
Ысык-Көл областынын мобилдик клиникасында 16595 адам текшерүүдөн өттү

Ысык-Көл областынын мобилдик клиникасы 2019-жылдын апрель
айынан август айына чейин Ак-Суу (18 калктуу пункт), Тоң (12 калктуу
пункт), Ысык-Көл (18 калктуу пункт) жана Түп райондорунун (6 калктуу
пункт) калкын медициналык текшерүүдөн өткөрдү.
Август айында Кызыл-Омпол уран жер кенине жакын жайгашкан
айылдардын (Тоң районунун 5 калктуу пункту, Кочкор районунун 1 калктуу
пункту, Балыкчы ш.) жашоочулары текшерилген.
Апрель айынан август айына чейин 16595 кароодон өттү, АИВге- 1350,
жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекцияларга - 692 (сифилис менен 3 адам
аныкталды), В жана С вирустук гепатиттерине - 186, (В гепатити менен 6
жана С гепатити менен 5 адам аныкталды) адам тестирлөөдөн өттү.
Андан тышкары төмөндөгү оорулар аныкталды:
● 574 адамда бөйрөк оорулары;
● 920 – боор оорусу;
● 825 – калкан безинин оорусу;
● 173 - аялдардын жыныс органдарынын оорусу;
● 323 – ашказан алдындагы бездин патологиялары;
● 131 – эркектин табарсык астындагы безинин оорулары;
● 38 – сүт безинин патологиялары.
Аныкталган оорулар – өнөкөт, негизинен УҮИде аныкталган,
бардыгына андан ары текшерүүгө жана дарылоого жолдомолор берилген.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине
караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун маалымат
кызматы

Башкы жаңылыктар
Талас областында балдарга кам көрүү боюнча тренингдер өтүлүүдө Талас областынын райондук борборлорунда Айылдык ден соолук комитеттери үчүн балдарга кам көрүү боюнча тренингдер өтүлүп баштады. 
24/09/2019
Яндекс.Метрика
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун расмий булагы
© 2019 Ысык-Көл областынын мобилдик клиникасында 16595 адам текшерүүдөн өттү
Авторизация