Борбор жөнүндө маалымат Шашылыш чалуулар Коррупцияга каршы аракеттер RU KG
Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору
19 / Октябрь / 2019
Чүй областындагы мобилдик клиникадан 9971 адам текшерүүдөн өттү

2019-жылдын апрель айынан август айына чейин Чүй областынын
мобилдик клиникасы Ысык-Ата районунун 12 айылын жана Токмок шаарын,
Жайыл (Суусамыр, Кызыл-Ой, Кожомкул, Первое мая, Тунук, Чомой, Батыр,
Токойлуу), Кемин (Кемин ш., Жел-Арык, Кичи-Кемин, Илич, Шабдан,
Бейшеке, Чым-Коргон, Орловка) райондорунун калктуу пункттарын
кароодон өткөрдү.
Бул мезгил ичинде дарыгерлер 9971 адамды текшеришти, алардын
ичинен:
● 6381 аял;
● 1947 эркек;
● 14 жашка чейинки 1643 бала.
АИВге - 698, кантка - 290 адам тестирлөөдөн өттү, УҮИге - 1638 адам
түшүп, жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекцияларга - 570 адам
тестирлөөдөн өттү.
Андан аркы текшерүүгө жана дарылоого жөнөтүлдү:
● 22 адам Улуттук онкология борборуна;
● 1 адам Чүй областтык бириктирилген ооруканасына (ЧОБО);
● 1 адам ЧОБОнун хирургиясына;
● 20 адам Чүй областынын аймактык ооруканаларына.
Эске салсак, республикада Чүй, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад
областтарында автоунаадагы 4 мобилдик клиника жана улуттук госпиталдын
базасындагы көчмө медициналык борбор иштейт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине
караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун маалымат
кызматы

Башкы жаңылыктар
Талас областында балдарга кам көрүү боюнча тренингдер өтүлүүдө Талас областынын райондук борборлорунда Айылдык ден соолук комитеттери үчүн балдарга кам көрүү боюнча тренингдер өтүлүп баштады. 
24/09/2019
Яндекс.Метрика
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун расмий булагы
© 2019 Чүй областындагы мобилдик клиникадан 9971 адам текшерүүдөн өттү
Авторизация