Борбор жөнүндө маалымат Шашылыш чалуулар Коррупцияга каршы аракеттер RU KG
Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору
19 / Октябрь / 2019
Ош областынын мобилдик клиникасы июль жана август айында 3195 адамды текшерди

2019-жылдын июль жана август айларында Ош областынын мобилдик
клиникасы Чоң-Алай (Жекенди, Кара Тейит, Ачы-Суу, Карамык, Даарот-
Коргон, Кашка-Суу), Алай (Сары-Могол, Талды-Суу, Сары-Таш, Yч-Дөбө,
Сопу-Коргон, Жошолу, Корул, Коңур- Дөбө), Кара-Суу (Арек) райондорунда
медициналык текшерүүлөрдү жүргүздү.
Ошондой эле Ош областтар аралык бириктирилген клиникалык
ооруканасынын (ООБКО) атайы адистиги бар дарыгерлери менен биргеликте
Кара-Кулжа районунда (Көк-Арт, Кан-Коргон, Күйөө-Таш, Коо-Чаты, Терек,
Сай-Талаа, Ой-Тал, Кара-Таш, Сары-Бээ, Терек-Суу, Чалма, Ылай-Талаа,
Сай) текшерүүлөр өттү.
Эки айдын ичинде дарыгерлер 3195 адамды текшеришти, алардын
ичинен:
● эркектер - 321;
● аялдар - 2720;
● 14 жашка чейинки балдар - 154.
АИВге - 918 адам тестирлөөдөн өттү, 1422 адамга УҮИ жүргүзүлүп,
жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекцияларга - 898 адам текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча жолдомо берилди:
● Улуттук госпиталга 2 адамга;
● 102 адамга ООБКОго;
● 51 адамга онкологияга;
● 73 адамга Ош областынын аймактык ооруканаларына;
● 11 адамга тери-венерологиялык диспансерге;
● 14 адамга Ош областынын балдар ооруканасына.
Эске салсак, республикада Чүй, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад
областтарында автоунаадагы 4 мобилдик клиника жана улуттук госпиталдын
базасындагы көчмө медициналык борбор иштейт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине
караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун маалымат
кызматы

Башкы жаңылыктар
Талас областында балдарга кам көрүү боюнча тренингдер өтүлүүдө Талас областынын райондук борборлорунда Айылдык ден соолук комитеттери үчүн балдарга кам көрүү боюнча тренингдер өтүлүп баштады. 
24/09/2019
Яндекс.Метрика
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун расмий булагы
© 2019 Ош областынын мобилдик клиникасы июль жана август айында 3195 адамды текшерди
Авторизация