Борбор жөнүндө маалымат Шашылыш чалуулар Коррупцияга каршы аракеттер RU KG
Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору
19 / Октябрь / 2019
Жалал-Абад областынын мобилдик клиникасында 4663 адам текшерүүдөн өттү

Жалал-Абад областынын мобилдик клиникасы 2019-жылдын апрель
айынан август айына чейин Сузак, Базар-Коргон, Аксы, Токтогул жана
Тогуз-Торо райондорунда медициналык текшерүүлөрдү өткөрдү.
Бардыгы - 4663 дам кароодон өттү, алардын ичинен:
● эркектер - 964;
● аялдар - 3699.
ЭКГдан - 361 адам өттү, гинекологдун кабыл алуусунда – 2753 аял
болду, жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялардан тестирлөөгө - 517
(сифилис менен 1 адам аныкталды), УҮИ - 3376, АИВге – 206 адам
текшерилди (2 адам аныкталды). Бардыгы андан аркы текшерүүгө жана
дарылоого жөнөтүлдү.
Ошондой эле көчмө медициналык борбор Улуттук госпиталдын
базасында Нарын, Талас жана Ысык-Көл областтарында 14055 адамды
текшерди. Нарын областы боюнча – 5330, Талас областында – 7802, Ысык-
Көл областында – 923 адам текшерилди.
Бейтаптар андан ары текшерилүүгө жана дарылоого: Эне жана баланы
коргоо Улуттук борборуна – 1, Улуттук онкология борборуна - 2, Улуттук
госпиталга - 5, Талас областтык ооруканасына – 6 бей тап жөнөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине
караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун маалымат
кызматы

Башкы жаңылыктар
Талас областында балдарга кам көрүү боюнча тренингдер өтүлүүдө Талас областынын райондук борборлорунда Айылдык ден соолук комитеттери үчүн балдарга кам көрүү боюнча тренингдер өтүлүп баштады. 
24/09/2019
Яндекс.Метрика
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун расмий булагы
© 2019 Жалал-Абад областынын мобилдик клиникасында 4663 адам текшерүүдөн өттү
Авторизация