Борбор жөнүндө маалымат Шашылыш чалуулар Коррупцияга каршы аракеттер RU KG
Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору
16 / Октябрь / 2018
Эне сүтү – өмүр башаты

Эне сүтү – наристе үчүн зарыл бардык азык зататрды өзүнө  камтыйт. Бул жөнөкөй гана азык эмес, наристенин  муктаждыгына толук төп келген табылгыс табигый азык: анда наристение юаш мээсинин, көзүнүн, кан тамырларынын жетилиши үчүн  зарыл бөтөнчө май кислоталар бар.

Эмчек эмизүү пайдалуу гана болбостон, ал ыңгайлуу жана оңой:

-эмчек сүтү дайым даяр жана аны даярдоонун кажети жок, ошондуктан ал убактыңызды албайт;

-эмчек сүтү бекер, ошол себептен ага акчаңыз кетпейт;

-эне бир нече күн эмизбей калса,  эмчек сүтү ирибейт жана бузулбайт;

-эмчек сүтү  организмдин  сууга болгон керектөөлөрүн ысык күндөрдө  да толугу менен камсыз кылат.

Эмчек эмизүү – наристенин алгачкы 6 айындагы эң мыкты табылгыс азык, ошондуктан ага эмчек сүтүнөн башка азыкты бериштин зарылдыгы жок!

Наристеңиз 6 айга толгондон тарта аны эмчек сүтүнөн башка да кошумча тамактандыруу керек болот.

Эмчек эмизүү – наристелерди  ар кандай жугуштуу оорулардан коргойт. Ал төмөнкү оорулардын коркунучун азайтат:

-аллергияларды;

-астманы;

-аз кандуулукту;

-кант диабетин;

-тиштин туура эмес өсүүсүн;

-көздүн начар көрүүсүн.

 Эмчек эмизүү – балдарга ооруга аз чалдыгууга, бир жашка чейинки куракта ган эмес андан чоңоюп калган мезгилде  да оорулардан тез сакайып кетүүгө  жардам берет.  

Башкы жаңылыктар
Дарыгерлер энелердин күнү менен куттукташты      Кыргызстанда  Энелерге арналган  майрам күнү  май айынын  үчүнчү дем алышында белгиленип келет.  
18/05/2018
Яндекс.Метрика
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун расмий булагы
© 2018 Эне сүтү – өмүр башаты
Авторизация