Борбор жөнүндө маалымат Шашылыш чалуулар Коррупцияга каршы аракеттер RU KG
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана коммуникация борбору
12 / Август / 2020
Ош облусунда “Ден соолук кербени”!

2017 –жылдын 11-апрелинен тартып,  Ош облусунда “Ден соолук кербени” ишин баштады. Бул иш- чаранын негизги максаты Ош облусунун калкына сапаттуу  медициналык   жардам  көрсөтүү,  жергиликтуу калктын ооруларын өз учурунда алдын алуу, аныктоо жана дарылоо.

Аталган иш-чараны ишке ашыруу максатында Ош облустар  аралык бириккен клиникалык ооруканасынын кардиолог, невропатолог, эндокринолог, гепатолог, гастроэнтеролог, онколог-маммолог, нефролог, психиатр жана башка адистеринен турган мобилдик клиникалар түзүлдү.

Чоңдорду жана жаш балдарды дарылоо мүмкүнчүлүгү бар ар бир багытта иш алып баруучу көчмө дарылоо диагностикалык комплекстер, лоборатордук дарт аныктоо аспаптары  менен жабдылган  мобилдик клиникалар алыскы аймактардагы айылдарды кыдырып,  ар бир айыл окмотундо ооруларды алдын аллуу, дарылоо жана дарт аныктоо максатында иш алып барат.

“Ден соолук кербени” 19-июлга чейин Ноокат, Чоң- Алай, Өзгөн, Алай, Кара-Суу, Араван жана Кара-Кулжа райондорунун алыскы аймактарын кыдырып, калктын саламаттыгына кам көрөт.

Башкы жаңылыктар
"Депрессия : кел сүйлөшөлү" 10 - апрель күнү Ош шаарында Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун түштүк филиалы Ош шаардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолукту чыңдоо адистери менен биргеликте "Депрессия : кел сүйлөшөлү" урааны алдында ачык эшик күндөрүн өткөрдү.
10/04/2017
Яндекс.Метрика
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун расмий булагы
© 2020 Ош облусунда “Ден соолук кербени”!
Авторизация