Борбор жөнүндө маалымат Шашылыш чалуулар Коррупцияга каршы аракеттер RU KG
Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору
21 / Февраль / 2018
Балдардын маалымат коопсуздугу

Азыркы учурда баңгизат, спирт ичимдиктерин жарыя салган, таш боордук менен мыйзамсыз жүрүм-турумдарды актаган, үй-бүлөлүк баалуулуктарды жокко чыгарган медиа-продукциялардан өсүп келе жаткан муунду коргоого чакырган маалымат коопсуздугу ата-энелер үчүн актуалдуу маселе болуп калды.

Интернет-технологиясынын кол жетерлик болуп өсүшү менен Интернеттеги маалыматтардын коопсуз болушуна карата талаптардын деңгээли да жогорулашы керек. Балдар менен өспүрүмдөрдү бүткүл дүйнөлүк “желеден” сактоо үчүн кээ бир маалыматтарга тыюу салып коюуга дайыма эле боло бербестигин бүгүнкү күндө ар бир адам түшүнөт.     

  Сиздерге сунушталган көрсөтмөлөр терс маалыматтардын сиздин балдарынызга тийгизген таасирин төмөндөтүп, психикалык саламаттыгын сактап, маалыматтык технологияны туура колдонууга тарбиялайт. 

 

Балдардын маалыматтык коопсуздугу деген эмне?

Маалыматтык коопсуздук – бул балдардын ден соолугуна жана (же) физикалык, психикалык, руханий, адеп-ахлактык өнүгүп-өсүүсүнө зыян келтирген маалыматтар менен байланышкан коркунучсуз, алардын корголгон абалы.

Балаңарды медиа-продукциянын таасиринен коргоодон мурун кандай маалымат ага зыян келтирерин түшүнүп алуу зарыл.

 

 Балаңар Интернет-көз каранды болуп калышы мүмкүнбү?

Интернет тартынчаак адамдар үчүн, өзгөчө балдар менен мамиле түзүүдө кыйналгандар үчүн  баарлашуунун эң сонун каражаты экени эсиңерде болсун. Анткени бул жерде жашы, сырткы келбети, дене бой түзүлүшү эч кандай мааниге ээ эмес. Бирок бул жол Интернет-көз карандылыгынын калыптанышына алып барат. Өтө олуттуу көйгөй болуп калмайынча, муну түшүнүү кыйын. Ооба, андан тышкары Интернет-көз карандылыгы сыяктуу оорунун бар экендиги дайыма моюнуна ала беришпейт. Эмне кылуу керек?  

Үйдөгү компьютерди пайдалануу эрежесин орноткула жана Интернетте болуу менен балаңардын дене боюна оордук келүүнүн ортосундагы тең салмактуулукту табууга аракет кылгыла. Андан башка да компьютер балдар бөлмөсүндө эмес, улуу кишилердин бөлмөсүндө тургудай болушу керек. Акырында өзүңөрдү карап көргүлө, убакыттын көбүн Интернетте өткөрүп жаткан жоксуңарбы?

Жагымсыз мазмундагы материалдарга кирүү

Бүгүнкү күндө Интернетке кирген балдардын кимиси болбосун, каалаган материалды карай алат. 

Бул болсо зордук-зомбулук, баңги, порнография, жаштарды өзү өзүн өлтүрүүгө, анорекцияга (тамактан баш тартуу), өлтүрүүгө түрткөн баракчалар, ачык эле улуттук же фашисттик идеологияны  камтыган жана көптөгөн башка баракчалар. Анткени мунун баары чексиз Интернетте жеткиликтүү бар. Көбүнчө бул баракчаларды көрүү балдарга деле байланыштуу болбойт, анткени көптөгөн сайттарда маалыматтын кандайы гана болбосун, баарынан да порнографиялык мүнөздөгү маалыматтар калкып чыкма  терезечелер аркылуу көрсөтүлөт.

 

Бейтааныш адамдар менен чаттар же электрондук почтанын жардамы менен байланышуу

Арам ойлуу адамдар бул каналдарды балдарды өздүк маалыматтарын берүүгө мажбурлоо үчүн пайдаланышат. Башка учурда өзүнө жаңы курмандыкты издеп жаткан педофилдер да болушу мүмкүн. Өзүн курмандыктын жашташы катары көрсөтүп, жекече маалыматын астыртан билип, жекеме-жеке жолугушууну издеши мүмкүн.

Кандай маалыматтар балдардын ден-соолугуна жана өсүп –өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет?

  • Жаш балдарды өмүрүнө, ден-соолугуна коркунуч туудурган, анын ичинен өз өмүрүн кыюууга чакырган кыймыл аракеттерди жасоого чакырган;
  • Балдарды баӊги заттарды, спирт ичимдиктери, тамеки, психотроптук жана (же) дүүлүктүрүүчү заттарды колдоонууга, кумар оюндарына катышууга, жер кезип жүрүүгө калоосун ойготкон;
  • Порнографиялык мүнөздөгү маалыматтар;
  • Ата-энесин, бир туугандарын сыйлабаган  үй-бүлөлүк баалуулуктарды четке каккан мүнөздүн калыптануусу;
  • Адамдарга жаныбарларга карата актануу менен  зордук зомбулукка жол берүү же мыкаачылыкка түрткөн кыймыл аракеттер;
  •  Актануу менен теӊ укутуулукка каршы кыймыл аракет;
  • Сөгүнгөн сөздөр камтылган

 

Интернет булагы жана компьютер менен иштөөдө балдар үчүн эреже

Интернет түйүндөрүнө балдар менен чогуу барыңыз жана аны колдонуу тажрыйбасы менен бөлүшүүгө дем берип кызыктырыңыз.

Балдарга интуицияга ишенүүгө жана Интернетте аны тынчсыздандырган нерселер болсо, Сизге билдирип коюуга үйрөтүңүз.

. Балаңызга катталуу ысымы талап кылган программаларга катталууга жана жеке маалыматтарды  колдонбой туруп формаларды толтурууга жардам бериңиз (балаңыздын атын, электрондук почтанын дареги, телефон номери, үй дареги). Бул үчүн атайын даректүү электрондук почталуу болуу керек.

. Балаңыз эч качан өзүнүн жашаган дарегин, телефон номерин же башка жеке маалыматын, мисалы, окуган жерин же жактырган эс алуучу жайын бербегенге көндүргүлө.

. Балаңызга Интернетте жана чыныгы жашоодо чындык менен калптын ортосундагы айырмачылыктар бирдей экенин түшүндүрүңүз.

 Балдар Интернеттеги достору менен эч качан жолугушууга болбойт, анткениалар таптакыр башка адамдар болушу мүмкүн.

 Балдарга Интернетте көргөндөрүнүн баары эле чындык эмес экенин айткыла, эгерде алар ишенбей жатышса, Сизден сураганга көндүрүңүз.

 Зыян мазмундагы маалыматтарды чыпкалаган заманбап программаларынын жардамы менен балдардын иш-аракеттерин көзөмөлгө алгыла, бул баланын кайсы сайтка киргенин, анда эмне кылганын билүүгө жардам берет.

 Балдарга бөтөн адамдардын менчигин сыйлоону үйрөткүлө, мыйзамсыз музыкаларды, компьютердик оюндарды жана башка программаларды көчүрүп алуу уурулук экенин айткыла.

 Балдарды башкаларды ызаттоого үйрөтүңүз, алар жакшы мүнөз бардык жерде, ал турсун виртуалдуу дүйнөдө да таасирин тийгизерин билерине ынангыдай болуңуз. 

 

         Баланы сак болууга үйрөтүңүз.  Балага Интернет түйүнүнүн мүмкүн болгон коркунучтары жана натыйжалары тууралуу айтып бериңиз. Бала шектүү файлдар менен шилтемелер адам кызыгарлык болуп көрүнгөнүнө карабастан, ачууга болбой турганын билиши керек. Баланы өзү ишенбеген нерсесин сураганга үйрөтүңүз.

         Баланы on-line тааныштары менен жолугушууга уруксат бербеңиз. Ага виртуалдуу мейкиндикте баарлашып жаткан адамга  эч качан ишенүүгө болбостугун түшүндүрүңүз.

         Балага бейтааныш адамдардан келген файлдарды ачууга болбостугун түшүндүрүңүз, анткени анда вирус же терс мазмундагы сүрөт/видео болушу мүмкүн.

         Компьютерлерде вируска каршы программалар орнотулгандыгына, контентти жана керексиз билдирүүлөрдүн келүүсүн чыпкалаган каражат туура коюлганына ишенимдүү болуңуз.  

         Сиздин балаңыз колдонгон интернет-ресурстардын мазмуну менен таанышып чыгыңыз. Чаттар, электрондук почта, дароо жибере турган билдирүүлөрдүн ресурстары менен интернет-кызматынын провайдерлерин пайдаланганды үйрөтүңүз. Сиздин оюңуз боюнча балаңыз пайдалануудан качышы керек болгон сайттарды белгилеп коюңуз. Балаңыз менен анын досторунун интернет-адаттары жөнүндө билиңиз.

         Технологиялык жаңы саамалыктарга, мисалы, чыпкалай турган же башка коргой турган программаларга кызыктар болуңуз.

         Силердин үй-бүлөңөр үчүн кандай программалар бир кыйла туура келерин чечип, аларды компьютерге орнотуңуз. Орнотулган прграммалар жаңылоону талап кылбаганына көзүңүз жетиши үчүн 6 ай сайын аларды карап туруңуз.  

         Балаңыз кандай сайттарга киргенин билүү үчүн компьютердеги интернет-ресурсу каттамы журналын карап туруңуз.

         Балаңыз колдонууга боло турган пайдалуу, кызыктуу, коопсуз ресурстардын тизмесин түзүңүз.

         Балдарды Интернетте “каалашынча сүзүп жүрүүгө” жибербегиле. Баланы өзгөчө жаңыдан өздөштүрө баштаган баскычта Интернет менен баарлашууда активдүү катышууга аракет кылыңыз. 

         Бала менен Интернеттин жардамы аркылуу өзү үчүн кандай жаңы нерселерди билгенин жана өз учурунда коркунучтан алдын ала кантип сактанууга болору тууралуу сүйлөшүңүз. 

Сиздин эрежеңиз балаңыздын жаш өзгөчөлүгүнө жана жетилүүсүнө ылайык келерин байкаңыз.

   Дарыгерлердин сунуштарын колдонуӊуз:

  • Дарыгерлер 7 жашка чейинки балдарга компьютерге/Интернетте отурууну сунуш кылбайт;
  • 7-10 жаштагы балага компьютерде күнүнө 30 мүнөт гана отурууга болот;
  • 10-12 жаштагы бала компьютерде 1 саатка чейин; 
  • 12 жаштан ашкан балдар 1,5 сааттан ашык эмес отурууга болот, сөзсүз ортолорунда дем алуулары керек.

Эсиңерде болсун, компьютерде ашыкча отуруу баланын ден соолугу үчүн зыян, анын көрүүсү начарлап, гиподинамия, аллергия, ал тургай жүрөк-кан тамыр оорулары менен оорушу мүмкүн. 

Балдарыңарды Интернетте чындык менен калпты айырмалоого кантип үйрөтүүгө болот?

Балдарга Интернеттен алынган материалдарга сын көз караш менен мамиле кылуу керектигин түшүндүрүү зарыл, анткени кайсы адам болбосун Интернетке маалымат жарыялай алат. 

Бүгүнкү күндө иш жүзүндө ар бир адам өзүнүн сайтын түзүп алса болот, деги эле анда жарыяланган материалдардын канчалык чындыгы бар экенин эч ким көзөмөлгө албайт. Балага Интернетте көргөндөрүн баарын текшерүүнү үйрөтүп койгула.

Муну кантип балага түшүндүрүү керек?

         Балаңар кичинекей кезинен эле баштагыла. Анткени бүгүнкү күндө мектепке чейинки жаштагы балдар да Интернетти колдонгонду жакшы билет, демек аларды калптан чындыкты ажыратууну мүмкүн болушунча эрте үйрөтүү керек. 

        

Балдарыңардан Интернетте көргөндөрү тууралуу сураганды унутпагыла. Мисалы, тигил же бул сайт эмнеге кызмат кылат деп сурагыла;

         Силердин балаңар Интернеттеги маалыматты башка булактар аркылуу өз алдынча текшере аларына көзүңөр жеткидей болсун (башка сайтттар, гезит же журналдар аркылуу). Балаңарды силер менен кеңешип турууга үйрөткүлө. Ага кол шилтеп койбогула;

         Балаңарды китепкана сыяктуу ар кандай булактарды пайдаланууга кызыктыргыла же дискке жазылган энциклопедияны белек кылып бергиле. Бул силердин балаңарга маалыматтын башка булактарын колдонууну үйрөнүүгө жардам берет;

         Интернетте издөөнү пайдаланууну үйрөткүлө. Издеп табуу үчүн ар кандай издөө машиналарын кантип колдонууга болорун көрсөтүп бергиле;

         Балдарыңарга расизм, фашизм, улуттар аралык жана диний касташуу деген эмне экенин түшүндүргүлө. Буга окшогон кээ бир материалдарга атайын чыпкалоочу программалардын жардамы менен бөгөт коюуга боло тургандыгына карабастан, мындай сайттардын  баарын чыпкалоого болот деп ишенүүгө болбойт.

.

    Балдардын маалыматык коопсуздугу боюнча кызыктуу тапшырмалар                              

Кырдаалдык тапшырмалар. Балаңызга төмөнкү кырдаалдардын бирине туш келип калса, кандай кылар эле ошого жооп берүүсүн сунуш кылыңыз. Жоопторго чогуу анализ жүргүзгүлө. Бала жооп бере албай кыйналган же ал сунуш кылган вариант терс натыйжаларга алып келиши мүмкүн болгон учурларда ага жардам көрсөтүңүз жана кантип туура кылууга болоруна кеңеш бериңиз. 

1-кырдаал. Сен социалдык тармактарда досторуң менен сүйлөшүп отурасың. Күтүлбөгөн жерден бейтааныш адамдан: “Салам, сенин сүрөттөрүң сонун экен! Бирок баары бир менин сүрөттөрүм укмуштуудай! Бул жерди тез бас!” деген билдирме келди. Сүрөттөрдү көрүү үчүн шилтеме сунуш кылынат. Бул учурда эмне кылуу керек? 

2-кырдаал. Сен Интернет түйүнүндө алыскы планеталар тууралуу маалыматтары менен сайтты окуп отурасың. Капысынан эле сенин гороскобуңду түзүүнү сунуштаган сайтка урундуң. Сен шилтемеге өттүң, сунуш кылынган суроолордун баарына жооп бердиң. Суроонун аягында сенин телефонуңдун номерин жазып коюу сунуш кылынды. Сенин аракетиң кандай болот? Эмне үчүн?

3-кырдаал. Досуң сага телефон чалып, Интернеттен оорулуу бала үчүн каражат топтолуп жатканы тууралуу билдирмени көргөнүн кабарлады. Акча көрсөтүлгөн уюлдук телефондун эсебине же электрондук капчыкка которулуусу сунуш кылынат. Досуң балага жардам берели деп айтканынан кайтпай жатат. Сенин аракетиң кандай болот? Эмне үчүн?  4-кырдаал. Социалдык түйүндө сүйлөшүп жаткан учурда сага: “Салам! Биз жалпы таанышыбыздыкында көрүшкөнбүз. Сени түйүндөрдөн табайын деп чечтим. Сенин баракчаң сонун экен! Балким кечинде сейилдеп келбейлиби?” деген билдирме келди. Мындай кырдаалда кандай кыласың? Эмне үчүн?

 

 

 

 

Яндекс.Метрика
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун расмий булагы
© 2018 Балдардын маалымат коопсуздугу
Авторизация