Борбор жөнүндө маалымат Шашылыш чалуулар Коррупцияга каршы аракеттер RU KG
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана коммуникация борбору
22 / Январь / 2020
Төрөлгөндөн 5 жашка чейинки балдарга кам көрүү боюнча семинарлар өтүлүүдө

    Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун уюштуруусу жана  ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен Жалал-Абад, Баткен жана Ош  областтарынын райондук борборлорунда Айылдык ден соолук комитеттери үчүн “Төрөлгөндөн 5 жашка чейинки балдарга талаптагыдай кам көрүү” боюнча семинарлар өтүлүүдө.

Семинарда ата энелердин же опекундардын балдарга болгон мамилелерин жөнгө салуучу бир нече темалар, тагырак айтканда төмөнкү багыттар каларган;

     - балдардын курактык өзгөчөлүгүнө маани берүү ар тараптан кам көрүү

     - балдардын туура жана толук камдуу тамактануусун көзөмөлгө алуу;

     - балдарга болгон зомбулуктун, күч колдонуунун ошондой эле ар түрдүү кыйынчылыктарга учуроолордун алдын алуу үчүн ыкмаларды колдонуу;

     - балдардын үй бүлө ичиндеги коопсуз шарттарды түзүү;

     - балдарга зарыл болгон мээримдүү мамилелерди күчөтүү;

     - эмдөө алуудагы зарыл нерселерди эске алуу.

    Семинардын негизги максаты: төрөлгөндөн баштап 5 жашка чейинки балдарга талаптагыдай кам көрүү маселелериндеги калктын билимдерин жогорулатуу жана тажрыйбаларын жөнгө салуу.

Кампания ноябрь айынан тартып үстүбүздөгү жылдын аягына чейин жүргүзүлөт. Бул иш-чаралар АДК мүчөлөрүнүн айылдарды кыдырып калкка маалымат берүүлөрү менен улантылмакчы.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун маалымат кызматы

 

 

 

Башкы жаңылыктар
Өлкөбүздүн көптөгөн мектептеринде «Жугуштуу эмес оорулар» боюнча сабактар өтүлүүдө №86 мектеп гимназиясында тамеки жана алкоголдун зыяндуулугу о.э. тамактануунун, физикалык активдүүлүктүн маанилүүлүгү боюнча сабактар өтүлдү
15/10/2019
Таза колдор – ден соолуктун негизи! ССМге караштуу РДЧБнын адистери Бишкек ш., №182 мектепке чейинки билим берүү уюмунун 3-жогорку тайпасындагы балдар үчүн колду таза жуу сабагын өткөрүштү. Бул акция Бүткүл дүйнөлүк таза колдор күнүнүн алкагында өттү.
15/10/2019
Яндекс.Метрика
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун расмий булагы
© 2020 Төрөлгөндөн 5 жашка чейинки балдарга кам көрүү боюнча семинарлар өтүлүүдө
Авторизация