Борбор жөнүндө маалымат Шашылыш чалуулар Коррупцияга каршы аракеттер RU KG
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана коммуникация борбору
12 / Август / 2020
Таза колдор – ден соолуктун негизи!

     2019-жылдын 15-октябрында КР ССМге караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери Бишкек ш., №182 мектепке чейинки билим берүү уюмунун 3-жогорку тайпасындагы балдар үчүн колду таза жуу сабагын өткөрүштү. Бул акция Бүткүл дүйнөлүк таза колдор күнүнүн алкагында өттү.

     Адистер бөбөктөргө колдун кирин жана жугуштуу оорулардын мүмкүн болгон  козгогучтарын толугу менен жууп кетирүү үчүн колду кантип туура жууш керектигин көрсөтүштү.

     Маалымат үчүн: кир колдордун оорулары – бул дизентерия, А гепатити (Боткин оорусу), эшерихиоз, грипп жана КДВО,  сальмонеллез, ич келте жана холера сыяктуу инфекциялар, ошондой эле ичеги мителеринин тобу (энтеробиоз, аскаридоз, эхинококкоз).

     Биринчи кезекте жуктуруп алуу тобокелчилигине иммунитети төмөндөгөн адамдар дуушар болушат. Тобокелчилик тобунда кичине балдар жана улгайган адамдар камтылган, анткени ал гана эмес аз сандагы козгогучтар дагы алардын организминин иштөөсүндө бузулууларды пайда кылууга жөндөмдүү.

     Кир колдордун оорулары жеке гигиена эрежелерин так аткарбагандыктан улам келип чыгат. Оору пайда кылуучу микроорганизмдердин жашаган жерлери: акча купюралары, коомдук транспорттун кармагычтары, эшиктин туткалары, компьютердик мышка, телефондун трубкасы. Ушул буюмдар менен байланышта болгон учурда инфекциялык оорулардын козгогучтары адамдын колуна жабышат.  

     Инфекцияга бөгөт коюунун эң эле натыйжалуу ыкмасы – колду самын менен туура жуу же колду тазалоо үчүн антисептикалык каражатты пайдалануу.

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин

Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору

Башкы жаңылыктар
Эртең 15-октябрь №182-балдар бакчасында Бул иш-чара 15-октябрь эл аралык «Таза колдор» күнүнө карата уюштурулууда.
14/10/2019
Эртең 15-октябрда Бишкек шаардык №86-мектеп гимназиясында ЖЭО боюнча сабактар өтүлөт Бишкек шаардык №86-мектеп гимназиясында ЖЭО боюнча интерактивдүү ыкма аркылуу 9-класстарга сабак өтүлөт
14/10/2019
Яндекс.Метрика
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун расмий булагы
© 2020 Таза колдор – ден соолуктун негизи!
Авторизация