Борбор жөнүндө маалымат Шашылыш чалуулар Коррупцияга каршы аракеттер RU KG
Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору
23 / Сентябрь / 2019
Гепатит деген эмне?

Гепатит – боордун олуттуу жана коркунучтуу ооруусу. Ошондой болсо да бүт дүйнөнүн окумуштуулары гепатит деген сөзгө боор оорусунун бардык түрүн бириктирип салышат.  Бул – жугуштуу ооруулар, боорду уулантуучу дары-дармектер, нерселер, мите курт микроорганизмдери, боордун иштебей калышы, иммундук системанын ишинин бузулушу.

Бул факторлор гепатиттин ар бир түрүнүн аталышын аныктайт:

  • Вирустук (Жугуштуу);
  • Ууландыруучу (алкоголдон, дары-дармектерден);
  • Нур гепатити (нур оору компоненти);

Аутоимундук ооруулардын натыйжасындагы гепатит

Клетканын жабырлануу даражасы боюнча аныкташат:

  • Оорунун жеӊил формасы;
  • Анча оор эмес абал;
  • Өтүшүп кеткен, оор форма.

Бул бир караганда таӊ калычтуу көрүнүшү мүмкүн, бирок – гепатит термини медициналык практикада жакында эле пайда болду. Тагыраак айтканда 1973-жылы, Б Гепатитине байланыштуу.

Мында боор ооруулары адамзаттын цивилизациясы менен кошо жашап келе жатат десек да туура болчудай.

Гепаптит мурдагы мезгилдерде (айрым жерлерде азыр деле) «сарык» деген ат менен белгилүү болгон.

Грекче icterus – саргыч тери, теринин саргыч тартып калышынын себебинен «Сарык» деп аталып келген.
Ооба, сарык – бул жабыркаган боордун бирден-бир белгиси болуп эсептелет, бирок ал бир гана түрү катары каралбайт.

Саргаюнун өзү сепсисте дагы,өпкөгө суук тийгенде дагы, ич келте ооруусунда болушу мүмкүн.

Бирок  сарык кээде эч кандай саргаюу жана башка белгилерсиз өтөт, бул дарт аныктоодо кыйынчылык алып келет: мындай ачык көзгө көрүнгөн  белгилерсиз олуттуу жана коркунучтуу  дартты оӊой эле өткөрүп жиберүүгө болот.

Сарыктын түрлөрү. Гепатитти  кантип жуктуруп алышат?
 Көпчүлүк учурда  учурда сарыктын пайда болуусу вирустарда алар боордун клеткаларында жайгашып, ал органдын нормалдуу иштешин бузуп, жаӊы вирустардын пайда болуусуна шарт түзөт.

A(Боткин оорусу HAV), B(HBV), C(HCV), D(сарык дельтасы HDV), E(HEV), F(HF), G(HGV, GBV-C), TTV, SEN – сарык вирустарынын түрү. Андан тышкары сарыктын түрчөлөрү бар, алардын 20дан ашууну белгилүү. Оорунун курч, жабык өнөкөт  түрү же так белгисиз өткөн учуру болот.
Сарыктын экинчи аты «жароокер өлтүргүч» себеби оору инкубациялык мезгилинде билинбей өтөт. Сарыктын өнөкөт оорусу өтө коркунучтуу.  Көптөгө жылдар боюу олуттуу ооруп жатканын адам  билбей жүрө бериши мүмкүн.
Жугуштуу гепатит бизге Боткин оорусу катары белгилүү. Мындай аттоону сарыктын А түрүнө колдонот, аны толук айыктырууга мүмкүн. Саргаюу- сарыктын бул түрүнүн көзгө көрүнгөн белгилеринин бири. Е түрүндөгү сарыктын симптомдору А түрүнө окшош. Убагында дарыланса толук айыгат. В, С, D жана G түрлөрү – оорлоп, көпчүлүк учурда өнөкөт баскычка өтөт жана адамдын организмине олуттуу зыян алып келиши ыктымал.


Оорунун таркалуусунун  бир канча негизги жолдору бар:

  •  А Гепатити: Заӊ – ооз аркылуу жугуу: Кайнатылбаган, ичүүчү суу, жуулбаган колдор аркылуу  вирустун курч ичеги жарасы пайда болот. Бул ооруну кир колдордун оорусу деп дагы аташат.
  • B Гепатити: Кан аркылуу жугат. Эненин организминде өөрчүп жаткан оору жаӊы төрөгөн балага; жыныстык жол менен (сейрек)
  • С Гепатити: Организмге вирусу бар кан аркылуу; ооруну алып жүрүүчү жыныстык өнөктөштөн (4% көп эмес) жугат.
  • D Гепатити: В сарыгынын коштоп жүрүүчүсү. Булганган кан менен байланышта болгондо жугат, жыныстык мамиледен азыраак жугат, ымыркай апасынын каны аркылуу жугузуу менен төрөлөт.
  • Гепатит E: Эгер адам дааратканага баргандан кийин колун жуубаса, арыктан же ачык суу сактагычтардагы вирус менен булганган сууну кайнатпай колдонгондо организмге кирет. Эгер аял кош бойлуу кезинде сарыктын Е түрүнө чалдыкканын аныктаса бала өлүмгө дуушар болот.
  • G Гепатити: Сарыктын коркунучтуу С түрү менен аябай окшош. Вирус жуккан кан аркылуу тарашы мүмкүн, жыныстык катнаш аркылуу азыраак жугат. Ымыркай төрөт учурунда вирусту жуктурушу мүмкүн
  • TT  жана SEN вирустары:  аз изилденген вирустар, жеке аларга таандык кебетеси жок. Негизги жугуу жолу кан аркылуу.

Кооптуу топтор – оору башкаларга салыштырмалуу тез өөрчүгөн адамдардын чөйрөсү.

 

 

Яндекс.Метрика
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун расмий булагы
© 2019 Гепатит деген эмне?
Авторизация