Борбор жөнүндө маалымат Шашылыш чалуулар Коррупцияга каршы аракеттер RU KG
Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору
10 / Декабрь / 2018
Ден соолук комитети жардам чогултту

Жакында Айылдык ден соолук комитетинин төрайымынын демигеси менен үч дүкөнгө кутуча жайгаштырылган. Кутучаларга айыл тургундары авиакырсыктан жабыркагандарга каражат чогултушту. Үч кутучадан 3530 сом чогулган. Чогулган каражат тиешелүү банкка которулган.    

«Сокулук районуна караштуу Дача Суу айылында болгон кырсык баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутту. Дароо айлдагы дүкөндөргө каражат чогултуу үчүн атайын кутучаларды жайгаштырдым. Андан соӊ айыл башчыбызга кайрылып, кандайдыр салым кошуунун сунуштадым. Айыл өкмөтү Дача Суу айылында иштеп жаткан жарандарга, ысык тамак уюштурду», - деди Аламүдүн районуна караштуу Гроздь айылдык ден соолук комитетинин төрайымы Кулжакул Койчубекова.

              Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-январында Сокулук районуна караштуу Дача Суу айылында авиакырсык болгон.

Яндекс.Метрика
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун расмий булагы
© 2018 Ден соолук комитети жардам чогултту
Авторизация