Борбор жөнүндө маалымат Шашылыш чалуулар Коррупцияга каршы аракеттер RU KG
Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору
23 / Сентябрь / 2019
Сарыктын А түрү кир колдордун оорусу

 

Республикалык ден –соолукту чыӊдоо борборуна берген маегинде инфекционист-дарыгер Бурул Жаркынбаева сарык оорусу, анын белгилери, алдын алуу, жакындарды бул орудан кантип  сактоо керектиги тууралуу айтып берди. 


- Сарык деген эмне, ал сарыктын А түрүнөн кандайча айырмаланат?

 - Гепатит – бул вирустук оору, боор менен өт суюктугу өтүүчү түтүкчөлөргө  таасир берет. Сарыктын 5 түрү бар: А, В, С, D, Е. Сарыктын А түрү башка түрлөрүнүн айырмаланып, тиричилик буюмдары бири-бири менен кол алышуу аркылуу жугат. Оору коомдук жайлардан: бала бакча, мектеп, орто жана жогорку окуу жайларында көбүрөөк жайылат. Мисалы бала бакчаларда  бардык балдар бир сүлгү менен аарчынганда вирус жугат. Сарыктын Е түрү менен негизинен кош бойлуу энелер ооруйт жана вирус булганыч суулар аркылуу тарайт. Ал эми В, С, D парентералдык (кан аркылуу жуккан) түрүнө кирет. Сарыктын бул түрлөрү медициналык аспатар же сулуулук салондорунда татуаж, пирсинг, маникюр жасоодо колдонулган аспаптар аркылуу жугат. Сарыктын бул түрлөрүнүн айырмачылыгы жыныстык жол менен жукканы.

-Кандай белгилердин негизинде А гепатити менен ооруганын билебиз?

- Көпчүлүк бейтаптарга алгач КРВИ (курч кармаган респиратордук вирустук инфекциялар) диагнозун коюшу мүмкүн, себеби сарыктын А түрү менен ооруганда сасык тумоодой өтөт же бут, муундар, сөөктөр какшаган оорулар менен коштогон артларингиттик варианттары бар. Сарыктын А түрүнө мүнөздүү болгон дененин саргаюсу ал учурда билинбейт. Бул учурда бейтаптар ооруну таратуучу болот. Ошондуктан көп учурда денеси саргарганда гана ооруканага кайрылышат.

- Мындай белгилерди байкаганда бейтаптар кайсы дарыгерге кайрылуулары керек?

-  Инфекционист-дарыгер кайрылууга тийиш. Дарыгер аны аныктайт. Кээ бир оорулар дененин саргайышы менен коштолот, бирок алар жугуштуу оорулардын катарына кирбейт. Буларды мисалга алсак, өт оорулары, өттө таш пайда болуп, суюктук өтүүчү түтүкчөнү бүтөп.   

- Сарыктын А түрү менен ооруганда атайын диета кармап жана дарылануу учурунда өзгөчө мүнөзүн кармануу зарылбы?

- Сарыктын кайсы түрү болбосун, ооругандан кийин диета менен режимди сактоо керек. Муну биз базалык терапия деп атайбыз. Диета - бул №5 столу. Бейтап куурулган, майлуу жана ачуу тамактарды жебеш керек. Эгер бейтап сарыктын А түрү менен ооруп айыккан болсо, жогорудагы диетаны 6 ай сакташы керек. Диета менен режимди туура сактаса боор 6 айдан кийин калыбына келет.

- Үй-бүлө мүчөлөрүнү бири сарыктын А түрү менен ооруп калса эмне кылуу керек?

-  Бейтаптын оорусу аныктаган күндүн эртеси дароо бардык үй-бүлө мүчөлөрү дарыгерге кайрылып, текшерүүдөн өтүшү керек.

-  Канча убакыттан кийин оорунун алгачкы белгилери байкалат?

- Сарыктын А түрүнүн инкубациялык мезгили жэ өөрчүү учуру 1 айды түзөт. Ушул учурда дарыгердин көзөмөлүндө болуу керек.

- Сарыкты А түрүнө эмдөөлөр барбы?

- Кыргызстанда эмдөө вакцинасы бар, бирок эмдөө графиги жок, себеби вакциналар кымбат. Бирок калктын көпчүлүк бөлүгү жеке медициналык клиникаларга барып эмдөөлөрдү алышат.

 - Сарыктын А түрүн жуктуруп албаш үчүн кандай алдын алуу иштерин жүргүзүү керек?

- Сарык – бул кир колдордун оорусу, ошондуктан эӊ биринчи колду жууш керек. Сөзсүз түрдө санитардык нормаларды сактоо, идиш-аякты, жашылча -жемиштерди таза жууп колдонуу абзел. Эгер жакындарыӊыздын бирөө ооруп  калса дароо дарыгерге кайрылуу зарыл. Келечекте кыйынчылыктарын тарпаш үчүн өз алдынча даарылануу болбойт. Себеби, боор организмдеги жеген тамактарды чыпкалоочу бир эле орган болуп эсептелет.

Яндекс.Метрика
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун расмий булагы
© 2019 Сарыктын А түрү кир колдордун оорусу
Авторизация