Борбор жөнүндө маалымат Шашылыш чалуулар Коррупцияга каршы аракеттер RU KG
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана коммуникация борбору
19 / Октябрь / 2020
Өзгөчө абалдын өзгөрүшүнө байланыштуу жумуш орундарында эске алынуучу жагдайлар

Өзгөчө абал учурундагы айрым чектөөлөр алынгандан кийинки ишти кайра жандандыруу мезгилиндеги коронавирус инфекциясынын жайылуусуна бөгөт коюу чаралары

Мекемелердин жетекчилери коронавирус инфекциясынын жугуусуна бөгөт коюу максатында кызматкерлерине жана алардын уюмдарына келгендер үчүн коопсуз шарттарды түзүүсү зарыл.

  ЖУМУШКА ЧЫГУУ ШАРТТАРЫ

  • Жумушка кызматкерлердин чакан топ менен баруу графигин иштеп чыгуу
  • Кызматкерлерди транспорт менен камсыздоо, ошол эле учурда жүргүнчүлөрдүн ортосундагы аралыкты сактоо, автоунааны (кармагычтар, эшиктин туткалары) милдеттүү түрдө дезинфекциялоо жана салонду желдетип туруу.
 
 
КЕҢСЕНИН КИРЕ БЕРИШИНЕ ЧЫПКА ОРНОТУУ
  • Кызматкерлер кеңсенин кире беришинде 1-1,5 метрден кем эмес физикалык аралыкты сакташат.
  • Кеңсенин кире беришинде ар бир кызматкерге милдеттүү түрдөгү байланышсыз термометрия жүргүзүлөт.
  • Кеңсенин кире беришине кызматкерлердин колун 70%дык спирт антисептиги менен тазалоо үчүн атайын санитайзер орнотулат.
 
ЖУМУШЧУ БӨЛМӨЛӨРДҮ ДЕЗИНФЕКЦИЯЛОО
  • Жумушчу беттерди (эмерек, оргтехника) ар бир 2-3 саатта, ошондой эле келгендерди/кардарды кабыл алган сайын дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалоону камсыздагыла.
  • Өндүрүштүк бөлмөлөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен күн сайын тазалап жана жууп турууну уюштургула (эшиктин туткаларын, стулдардын кармагычтарын, жарык өчүргүчтөрүн, даараткана бөлмөлөрүнүн эшиктеринин туткаларын, кол жууй турган раковиналарды, суу агызуучу бактын жибин же рычагдарын сүртүп туруу).
  • Бөлмөнү ар бир 15 мүнөт сайын желдетип тургула.
  • Абаны айландыруучу же бактерициддик УФ-нурдандыруучу жабдууларды орноткула, капкагы жабылуучу таштанды чакалар менен камсыздагыла (мүмкүнчүлүккө жараша).
  • Жумуш орундарында колду самындап жууш үчүн шарттарды түзгүлө
 
ЖЕКЕ ГИГИЕНА ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАГЫЛА
  • Колду тез-тезден 20 секунддан кем эмес жууп туруу же спирт камтылган жекече антисептик менен тазалоо
  • Жумуш күнү аяктаганга чейин кызматкерлер же келген адамдардын ортосунда 1,5 метрден кем эмес аралыкты сактоо
  • Эгерде бөлмөдө бир эле учурда экиден ашык киши бар болсо беткаптарды тагынуу
  • «Респиратордук этикетти» сактоо (чүчкүргөндө же жөтөлгөндө ооз жана мурунду кагаз кол аарчы менен жабуу)
  • Кол алышпай учурашуу жана коштошуу
 
 
 

Кызматкерлерге аларда КДВО (курч дем вирустук оорулары) симптомдору (дене табынын жогорулашы, кургак жөтөл, дем алуунун начарлашы) болгон учурда кеңсеге келүүгө тыюу салынат.

Яндекс.Метрика
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун расмий булагы
© 2020 Өзгөчө абалдын өзгөрүшүнө байланыштуу жумуш орундарында эске алынуучу жагдайлар
Авторизация