1.Колду самындап жуугула же спирт камтылган антисептикалык каражаттарды колдонгула
2. Жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозуңарды, мурдуңарды кагаз майлык же чыканагыңар менен тоскула
3. Курч дем вирустук оорусуна кабылган адамдар менен кучакташуудан өбүшүүдөн кол алышуудан кармангыла
4. Курч дем вирустук ооруларынын белгилери (дене табынын жогорулашы, жөтөлүү, дем алуунун начарлашы) пайда болгон учурда айланадагыларга жуктурбаш үчүн бир жолу колдонуучу беткаптарды тагынгыла
5. Бөлмөнү тез-тезден желдеткиле жана нымдуу чүпүрөк менен көбүрөөк тазалап тургула
6. Жаныбар тектүү азыктарды жакшылап бышыргандан кийин колдонгула
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин
Эксперттик кеңеши тарабынан бекитилген
Бул боюнча материалдарды жүктөө