Борбор жөнүндө маалымат Шашылыш чалуулар Коррупцияга каршы аракеттер RU KG
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана коммуникация борбору
12 / Август / 2020
Жол тайгактагы эске алуучу нерселер

ТАЙГАК ЖОЛДОР!

Адатта кар жаагандан тартып, жолдордо тайып жыгылуулар жана жол кырсыгына кабылгандардын саны өсөт.

Андыктан аба ырайына байланыштуу эмнелерди биле жүрүү керек экендигине ар бир жаран көңүл бурушу зарыл.

Эмнелерди эске алуу керек?

Жолдо жүрүүдө жана транспорттор арасындагы төрт коопсуздук:

  1. Автоунааларга салмагы жана техникалык абалы жагынан эч кандай кепилдик берилбейт, андыктан жолдорду кесип өтүүдө автоунаалардын жүрүшүнө кылдаттык менен көӊүл буруңуз;
  2. Күн баткандан тартып кечки жана түнкү убактарда автоунаалардын жарыктарынын чагылышынан улам айдоочуларга жол жээгиндеги же өтүп бараткан адамдар ачык жана даана көрүнбөй калат, айрыкча жаан-чачын учурларда бул көрүнүш өтө кооптуу. – Мындан сактаныш үчүн кийимдерге жарык чагылдыруучу лента же чапталмаларды кадап алууну сунуштайбыз. Бул каражат базарларда жана башка соода түйүндөрдө жеткиликтүү;
  3.  Жол тосуп (транспорт күтүп) турганда аялдамадан жолго чыгып албоо керек. –Автоунаа тайышы мүмкүн же техникалык мүчүлүштүктөр болуп калышы мүмкүн. Тилекке каршы ушул жагдайларда кырсыкка кабылгандар көп.
  4. Унаадан жерге түшүп жатканда унаага жанаша келе жаткан башка унаалардын келип калышын эске алыңыз;

 

Жөө жүргөн адамдар арасындагы үч коопсуздук.

  1. Тайгак бут кийимдерди эске алуу. Эгерде бут кийим тайгак болсо эӊ оӊой жолу анын таманына кошумча резина чаптатып алууну сунуштайбыз. Эгер шашылыш болуп калса убактылуу лейкопластырь чаптап алса болот.
  2. Тайгак учурларда басып бараткан адамдын колдору чөнтөктөн чыгарылып, кадам таштаганда тизелер бир аз бүгүлүп, адаттагыдан кадамдар бир аз кичирек жана тамандар таамай ташталышы керек.
  3. Бийик такалуу бут кийимдерди жайык тамандуу бут киймдерге алмаштыруу сунушталат.

Айдоочулар арасындагы сегиз коопсуздук.

  1. Ылдамдык! Эң алгач айдоочулук амбицияны таштоо керек. Күтүлбөгөн кырсыкка учурагандардын дээрлик көпчүлүгү айдоочулук тажрыйбасына таянгандар экенин эске салабыз. Андыктан тажрыйбаңыздын канчалык көп экендигине карабастан максималдуу ылдамдыктарга жеткирбеңиз. – Жол тайгак учурларда ылдамдыктын адаттагыдан канчалык төмөн болушу ошончолук коопсуздуктун кепилдиги болуп эсептелет.
  2. Дөңгөлөктөр! Дөңгөлөктөрдүн бардыгы талапка жооп бериши шарт. – бардык мезгилге жарайт делинген дөңгөлөктөр адатта жол кырсыгына аябагандай көп туш болушат. – албетте башка жарандардын же өзүңүздүн өмүрүңүз дөңгөлөктөн кымбат.
  3. Коопсуздук куру! Коопсуздук курун тагынып жүрүүнү адатка айлантыңыз. – анткени сиз жол тартибин бузбаган күндө дагы башкалардын кокустуктарына кабылып калышыңыз ыктымал. – ошондуктан алдын ала сактануу амалын аткарып коюу өмүрүңүзгө кам көрүү болуп эсептелет.
  4. Жөө адамдар өтүүчү жерлерде! Жолдун жөө адамдар өтүүчү өткөөлдөрүнөн адамдар өтүп жаткан учурда сөзүз түрдө авария сигналын жандыруу зарыл. – анткени сиздин унааңызга катарлаш келе жаткан автоунаалардагы айдоочулар сиздин алдыңыздан өтүп бара жаткан адамдарды байкабай калышат.
  5. Чынжырчалар! Узак жолго чыгарда атайын тайгак жолдорго арналган дөӊгөлөк чынжырчаларын же  1 жолу колдонулуучу атайын пластмасстан жасалган карматкычтарды ала чыгууну унутпаңыз.
  6. Антиблик! Кечинде антиблик көз айнектерин тагынуу сунушталат. – Ал көз айнек карама-каршы келе жаткан автоунаалардын жарыктарынын чагылышынан жол жээгиндеги  же жол кезип өтүп бараткан адамдарды байкабай калуу коркунучун алдын алат.
  7. Фара! Унааңыздын фараларын текшерип туруңуз. – Адатта бир тарабы менен гана келе жаткан унаалар кечинде көп кырсыктардын себепчиси болуп калышат.
  8. Адамдарды салууда же чыгарууда коомдук транспорт же жеке унаанын айдоочусу болгонуңузга карабастан аялдамаларда гана токтотуңуз. – Бул сиздин милдетиңиз!

 

Жаш балдардын коопсуздугу.

Урматтуу ата-энелер! негизинен коопсуздук аракеттерин көрүүдө жаш балдардын коопсуздугуна өзгөчө көӊүл буруңуздар. – Алар сиздердин камкордугуңуздарга муктаж.

  1. Беш жашка чейинки балдарды кароосуз калтырбоо.
  2. Беш жашка чейинки балдарды жолдордо жана тротуарларда ээрчитип жүргөндө колуңуздан чыгарбаңыз, жана жол кезип өтөрдө жетелебей көтөрүп алыңыз.
  3. Балдардын бут кийимдерин тайгак жолдорго ылайыктоо.
  4. Бардык балдарга, өзгөчө сабактан кеч келген окуучулардын кийимдерине жарык чагылдыруучу лента же чаптагычтарды кадап бериңиздер.

Колдон келишинче ата энелер балдар менен чогу жүргөндө өздөрү үлгү катары жүрүм-турумдары аркылуу сактыкты, коопсуздукту сактоо эрежелерин ар дайым карманып жүрүүсүн көрсөтүүлөрү маанилүү.

 Жүргүнчүлөр үчүн эскертме:

  1. Айдоочуну алаксытпаңыз!
  2. Автоунаа жүрүп баратканда же токтой электе эшикти ачпаңыз!
  3. Светофорго токтогондо эшикти ачып чыгып кетпеңиз!
  4.  Аялдамада турганда жолго чыгып албаңыз!

Сиздин ден соолугуңуз жана өмүрүңүз өзүңүзгө аманат!

 

Яндекс.Метрика
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун расмий булагы
© 2020 Жол тайгактагы эске алуучу нерселер
Авторизация