Борбор жөнүндө маалымат Шашылыш чалуулар Коррупцияга каршы аракеттер RU KG
Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору
15 / Ноябрь / 2019
КДВО жана грипптен сактануу боюнча кеңештер

Күз келип суук тарта башташы менен курч дем вирустук оорулары (КДВО) күчөй баштайт.

КДВО – жугуштуу вирустук оору: ага грипп, парагрипп, аденовирус, респиратордук-синцитиалдык вирустар себепчи болот. 

 

КДВО жана грипптин белгилери:

  • тамактагы ачышуу жана оорутуу, ооздун кургашы, кургак жөтөлгө өтүүсү
  • мурундун бүтүшү, чүчкүрүү, мурундан тунук суунун куюлушу;
  • ун байламталарынын жабыркашынан улам үндүн өзгөрүшү;
  • көздүн былжыр чели жабыркагандыктан көздөн жаш агышы, көздүн агынын кызарышы, жарыктан коркуу.

 

Оору андан ары күчөгөн учурда уулануунун симптомдору кошулат:

  • жалпы алсыроо, чарчоо;
  • дене табынын 38-39оСга чейин жогорулашы; чыйрыгуу;
  • баштын катуу оорушу, баш айлануу;
  • жүрөк айлануу, кусуу;
  • аң-сезимдин чаташуусу, жөөлүү.

Балдар, улгайган курактагы, иммунитети начар адамдар же башка оорудан дарыланып жаткандар татаалдашууларга дуушар болушу мүмкүн.

КДВОго кайдыгер мамиле кылуу өлүмгө чейин жеткен коркунучтуу татаалдашууларга алып келет.

 

Грипп жана КДВОнун коркунучтуу белгилери:

Дем алуу системасы үчүн – бронхиттер, пневмония (өпкөнүн сезгениши) – көпчүлүк өлүмдөрдүн себеби  КДВО жана грипптин күчөшүнөн болот;

  • жүрөк кан тамыр системасынын органдары үчүннерв системасы үчүн – менингит, энцефалит, полирадикулоневрит, невралгия;
  • жүрөк булчуңдарынын жабырланышы – миокардит
  • жүрөк дүлөйчөлөрү – перикардит
  • жүрөктүн байланыштыруучу ткандары  – эндокардит;

 КДВО жана грипптен кантип сактанууга болот

  • Адамдар көп чогулган жерден оолак болгула.
  • Медициналык бет кап тагыныңыз, ар бир 4 саат сайын алмаштырып тургула.
  • Оксолин майын колдонгула.
  • Колуңарды самындап жууп, колго арналган дезинфекциялоочу каражаттарды колдонгула.
  • Жашаган бөлмөлөрдү желдетип, нымдуу чүпүрөк менен сүртүп тургула.
  • Иммунитетти адекваттуу жүрүм –турум, толук баалуу тамактануу жана уйку аркылуу чыңдагыла;

КДВОнун алгачкы белгилери пайда болгондо үй-бүлөлүк медициналык борборлорго, фельдшердик-акушердик пункттарга жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылгыла.

Канчалык эрте кайрылсаңар, дарылануу ошончолук натыйжалуу болот!

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун маалымат кызматы

 

Яндекс.Метрика
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун расмий булагы
© 2019 КДВО жана грипптен сактануу боюнча кеңештер
Авторизация